Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Инвестиция – бул биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасы

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 495 | 0

Өлкөгө инвестициянын келиши биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөт. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

 «Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90% биздин жарандарга берилет», — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун жалпы өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана саясий мааниси чоң болорун белгиледи.

«Бул долбоор Кытай менен Кыргызстандын мамлекет башчыларынын достук мамилесинин натыйжасынан улам жүзөгө ашырылууда. Мындай масштабдуу долбоор тууралуу Советтер Союзу ыдырап жаткан учурда айтылган, бирок азыр турмушка ашып жатат. Бүгүн ишке киргизилип жаткан долбоор – кыргыз эли менен кытай элинин достугунун жана өз ара ишениминин айкын мисалы», — деди Абылгазиев.

Премьер-министр 9 айда ата мекендик продукциянын экспорттук көрсөткүчү 11%га жогорулаганын,  ошол эле учурда импорт 9%га төмөндөгөнүн кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун долбоордук курулушу 275  млн долларга бааланууда. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар кыйла жогорулайт.

Copyright © 2017 Maral FM