Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Ачык-айкын иштөө бажынын ишинин сапатын арттырат

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 397 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрмө жайындагы инспектордук-текшерүү комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ачылышта Абылгазиев сөз сүйлөп, мындай комплекс былтыр ноябрь айында Ош облусундагы «Эркечтам» өткөрмө жайында ачылганын айтып өттү.

Ал комплекстер транзит аркылуу Тажикстан, Өзбекстанга кеткен жана Кыргызстанда калган жүктөрдү текшерет.

Комплекстер биздин бажы органдарынын ишинин сапатын арттырат. Экинчиден, биздин максат – бажы органдарынын ишин ачык-айкын кылуу, коррупцияны жок кылуу, бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүү, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM