Биз менен байланышыңыз

Ак үй Орусияны алдыдагы шайлоого кийлигишпөөгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 439 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Вашингтондогу жолугушуусу “жакшы өттү”. Бул тууралуу Трамп твиттердеги баракчасына жазды. Ошондой эле, ал Москва менен диалогдун уланарынан үмүттөнөт.

Ошону менен катар америкалык президент Москваны Иранда өзөктүк курал жасалуусуна каршы туруу аракеттерине колдоо көрсөтүүгө үндөдү. Кытай темасы да талкууланып, Корей жарым аралындагы абал тууралуу да сөз болду.

Анда соода мамилеси, Ирандагы өзөктүк курал, Түндүк Кореядагы абал жана Кытай темалары талкууланды.

Трамп Орусияны АКШда өтө турган шайлоого таптакыр кийлигишпөөгө жана Украина менен болгон жаңжалына чекит коюуга чакырды.

Ал эми Лавров маек учурунда шайлоо жана импичмент тууралуу талкуу болбогонун айтты.

Лавровдун визити Орусия менен АКШнын мамилеси чыңалып турган абалга жана Трампка импичмент жарыялоо иштери боюнча угуулар жүрүп жаткан учурга туш келүүдө. Ага карабастан, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү бүгүнкү күндө 27 миллиард долларга жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM