Биз менен байланышыңыз

Орусия АКШнын санкцияларына жооп кайтарарын маалымдады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1069 | 0

Орусия АКШнын санкцияларына карата сөзсүз жооп кайтарат. Бул тууралуу кечээ, 15-апрелде брифинг учурунда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

«Биздин жооп сөзсүз болот, ал иштелип чыгат. Бул тууралуу жакынкы аралыкта билип аласыз. Учурда аны даярдоого биздин адистер түздөн-түз катышууда. Бул агрессияга катуу жооп берилет», — деди Захарова.

Анын айтымында, АКШнын Орусияга каршы санкциялары эки тараптуу мамилелердеги кооптуу тирешүүнүн деңгээлин жогорулатат. Жакында эле АКШнын элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине «соңку сүйлөшүү» үчүн чакырылган.

Буга чейин Вашингтон Орусиянын 12 жаранына, 20 уюмуна чектөө чараларын колдонуп, 10 дипломатты өлкөдөн чыгара турганын маалымдаган. Бул аракеттер шайлоого кийлигишүүсү жана киберчабуулдардан улам колдонулуп жатканын кошумчалаган.

«Wall Street Journal» гезити АКШнын президенти Жо Байден америкалык банктардын Орусиянын мамлекеттик карыздары менен соода жүргүзүүгө тыюу салууну күчөтүү жарлыгын жазып чыккан.

АКШга жасалган киберчабуул декабрь айында белгилүү болгон. Бул киберчабуулга Орусиянын тиешеси бар делип Американын чалгындоо агенттиктери айтышууда. Кийинчерээк киберчабуулду уюштуруучулар купуя маалыматка ээ болгонун моюндашкан.

Copyright © 2017 Maral FM