Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусияны Европанын мунай базарынан сүрүп чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 798 | 0

Reuters агенттиги Америка Кошмо Штаттары ОПЕК + келишимин пайдаланып, Орусияны Европанын мунай базарынан чыгарып салганын жазды.

Мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча макулдашууга байланыштуу, Орусиянын экспортту төмөндөтүшүнүн натыйжасында, мунайдын баасы көтөрүлдү. Бирок бул АКШга келишимге катышпоого мүмкүнчүлүк берди.

Июль айында Америкадан Европага мунай ташуунун көлөмү июнга салыштырмалуу 600 миң тоннага көбөйүп, 3,1 млн тоннага жеткен.

Орусиянын Европага мунай экспорту 20 жылдык эң төмөн деңгээлге түштү.

6-июндагы ОПЕК + жыйынында мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү тарыхта мунайдын эң ири көлөмүн дагы бир айга — июль айынын аягына чейин кыскартууга келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM