Биз менен байланышыңыз

WSJ: АКШ Орусия мунай баалары үчүн жаңы санкцияларды киргизүүгө даярданууда

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 565 | 0

 

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясында Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүү каралып жатат. Бул мунай базарына таасир этүү жана андагы бааларды турукташтыруу үчүн жасалып жаткан аракет деп айтылат. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ Ак үйдөгү булактардагы шилтемелерге таянып жазып чыкты.

Алардын айтымында, Ак үй Орусия менен Сауд Аравиясынын ортосунда мунай базарында тутанган баалар согушуна аралашып, катышуучуларды өздөрүнүн позицияларын өзгөртүүгө таасир этет.

Бул жагдайда АКШ Орусияга жаңы санкцияларды салуу аркылуу түздөн-түз кысым көрсөтсө, Сауд Аравиясына карата Вашингтон дипломатиялык кысым көрсөтө тургандыгы айтылган. Орусияга карата кандай санкциялар салынары тууралуу толук, так маалымат бериле элек. Мындай жол менен АКШ мунай өндүрүүнүн көлөмүн ОПЕК менен Орусия келишимдерди үзгөнгө чейинки абалга алып келүүнү көздөйт.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM