Биз менен байланышыңыз

АКШ элчиси Орусиядан чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 782 | 0

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан Вашингтонго кетти. АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизгенден кийин, Москва ага консультация үчүн мекенине кайтууну сунуш кылган.

«Мен кайтып келгениме, үй-бүлөмдү көрүп, администрациядагы кесиптештерим менен жолугушканыма кубанычтамын», — деди Салливан аэропортто журналисттерге.

20-апрелде АКШнын элчиси консультация үчүн Вашингтонго кетип, бир нече жумадан кийин Москвага кайтып келерин жарыялаган. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Салливандын Орусияга кайтып келиши анын канчалык максатка ылайыктуулугуна байланыштуу болорун айтты.

Орусия Салливанга АКШнын санкцияларына жооп кылып мекенине кайтууну сунуш кылуудан тышкары, 10 америкалык дипломатты чыгарып, АКШ элчилигинин ишмердүүлүгүн чектей турганын жарыялаган.

Орусия менен АКШнын мамилеси март айында АКШ президенти Жо Байден менен болгон маектен кийин начарлап кеткен. Анда Байден Орусиянын президенти Владимир Путинди «киши өлтүргүч» деп эсептээрин жана Москва АКШдагы шайлоого кийлигишүү үчүн «кымбат баа төлөөрүн» айткан. Андан кийин Орусия Вашингтондогу элчиси Анатолий Антоновду чакыртып алышты. Антонов учурда Москвада.

Copyright © 2017 Maral FM