Биз менен байланышыңыз

Путин Трамптын импичменти ишке ашарына ишенбейт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 723 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын импичмент маселеси партиялардын ички саясий күрөшү экенин, шайлоодон жеңилип калган демократтар жеңүү үчүн эми башка ыкмаларды колдонуп жатканын  Орусия президенти Владимир Путин кечээ журналисттерге жыл жыйынтыгын берип жаткан учурда айтууга үлгүрдү.

«Трампты Орусия менен бирге аракет кылгандыгын айтып жатышат. Андай биригүүлөр болбогону аныкталган соң, эми Украинага басым жасаганын ойлоп чыгышты. Силер, Трамп кызматтан кете тургандай кылып жатасыңар. Трамптын импичменти ишке ашарына ишенбейм. Бул демилге Сенаттан колдоо табышы керек, ал жерде республикачылар көптүк кылат. Алар өз жетекчисинин кызматтан кетүүсүн каалабаса керек»,-деп Путин журналисттердин «Тармптын президенттик кызматы аяктаганга чейин Орусия-АКШ мамилеси кандай болот» деген суроосуна жооп берди.

Ошондой эле, бийликте ким болгонуна карабай, Орусия Америка менен мамилени жакшыртууга даяр экендигин белгиледи. Бирок АКШнын санкцияларына тиешелүү жооп кайтарарын да кымтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM