Биз менен байланышыңыз

Билим берүүнүн 2040-жылга чейинки стратегиясы талкууланды

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 1377 | 0

Бүгүн, 10-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда «2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана 2040-жылга чейин Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору жөнүндө» эксперттик топтун кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 2012-жылдан 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча аткарылган жумуштар жана көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди.

Андан кийин буга чейинки стратегиянын аткарылышына жүргүзүлгөн талдоонун, 2040-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана башка документтерде белгиленген жаңы чакырыктардын негизинде иштелип чыккан 2040-жылга чейин Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун тааныштырды.

2020-жылга чейинки стратегия негизинен балдарды билим берүүгө тартуу маселелерин чечүүгө багытталган болсо, 2021-жылдан ишке киргизүүгө сунушталып жаткан Стратегия-2040 — окутуунун сапатына көңүл бурууну көздөйт.

Ошондой эле, реформалардын багыттары — ар бир жаранга өзүнүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, бүгүнкү күндүн талабы болгон “жумшак көндүмдөрдү” (“soft skills”) калыптандырууга, сергек жана коопсуз жашоону кармануу үчүн шарттарды түзүүнү максаттайт.

Тарбия берүү балдардын демократиялык мамлекетте жашоосу үчүн зарыл болгон баалуулуктарга багыт алган инсандык мүнөздөмөлөрүн өнүктүрүүнү — патриоттуулук, сый-урмат, көп маданияттуулук, сабырдуулук, көп тилдүү билим берүүнү камсыз кылат.

Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясы билим берүү системасынын бардык деңгээлдеги бүтүрүүчүлөрүн жаңы дүйнөдө жөн гана жашаш үчүн эмес, ал дүйнөнү өнүктүрүүгө жигердүү катышууга мүмкүндүк берүүчү билим жана компетенциялар менен камсыз кылууга багытталган. Ушул өңүттөн улам стратегияда ар бир билим берүү деңгээли үчүн максаттар жана милдеттер коюлган. Бул принциптер биз кура турган билим берүү системасынын жаңы жүзү деп ойлойбуз,-деди Исаков.

Жыйында эксперттик топтун мүчөлөрү стратегияга карата ой-пикирлерин айтып, сунуштарын беришти.

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы 2020-жыл ичинде дагы бир нече жолу талкууланып, долбоорго толуктоолор киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM