Биз менен байланышыңыз

Бактияр Токторов: «Биз» тобун кайра жандандырганга жашыбыз өтүп калды (видео)

1990-жылдан бери популярдуулугун жоготпой, хит ырларды жаратып келген ырчылардан уучубуз куру эмес. Алардын бири кыргыз эстрадасында өзүнүн ырдоо стили  менен айырмаланган   «Биз» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти  Бактияр Токторов  “Мен жана Мезгил” программасында  конокто болуп, баарлашып кетти .

− Саламатсызбы, Бактияр мырза?  

− Саламатчылык.

− Маегибизди топтун жаралуу тарыхынан  баштайлы?

− Ал кезде  баарыбыз студент  элек.  Топтун балдары  Фрунзе Политехникалык  институттан  чыкканбыз.

−  Бул топтун идеясы кимге таандык?

«Топ түзөбүз» деген идеяны  алып чыккан Насиридин Жуманов деген  жигит болчу.  Ал кезде  баарыбыз колубузга гитара  кармап, жатаканада  кимдин  туулган  күнү болсо, барып  алып  ырдап, курсагыбызды тойгузчу элек(күлүп). Ошол кезде  топту  түптөгөн  Насиридин деген  жигит мурдагы солисти  аскерге  кетип калгандыгына  байланыштуу,  солист керек болуп жатканын айтып калды.  Ырдаганымды  көрүшүп,  мени топко алышкан.

− Ошол кезде эле жан дүйнөңүз ырга  жакын беле?

− А.В Суворов атындагы аскердик окуу жайда окуп  жүргөндө эле ырдачумун. Ал жакты  бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшыргам. Окуп жүргөн кезде  ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүргөнмүн.  Алгач, топ түзүлгөндө  курамда  5 бала  бар болчу: Насиридин Жуманов, Алмазбек Кудайбердиев, Алибек Бусурманов, Ильяз Агыбай уулу анан Бактияр Токторов.  Азыркы күндө аталган  топ  өзүнүн актуалдуулугун  жоготуп  жатат. Курамдагылардын  ар кимиси  өз иши менен.  Бирок, концерт-кечелерди уюштурганда,  баарыбыз топтоло калабыз.  Топтун уюшулганына, буюрса,  30 жыл болду.

− Азыр жеке  ырчы  катары  чыгармачылыкка  кандай киришип атасыз?

− Клип тартам дегениме 15 жылдай болду. Калпычы  болуп бүттүм го(күлүп). Студия  жана  бардык жабдыктар  бар.  Бирок, жаңы ыр жана клип  тарттырганга жан дүйнөмдө каалоо жок болуп  жатат. Бул менин чоң кемчилигим  окшойт.  Ал эми  топту  дагы  жандандырып, кайра  алып  чыкканга  биздин  жашыбыз  өтүп калды.  Жаңы муундарга  дагы  орун  бериш керек. Жаш таланттар иштесин, ырдасын.

−Рахмат, Бактияр мырза. Сизден жакшы ыр жана клиптерди күтөлү.

− Чоң рахмат сиздерге.

Copyright © 2017 Maral FM