Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалды

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 404 | 0

Чек арачылар Кыргызстандын жасалма паспортун алып жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Новосибирск – Бишкек каттамы менен Манас аэропортуна келип түшкөндөрдү паспорттук көзөмөлдөн өткөрүүдө бир жүргүнчү 1997-жылы туулган Х.А. ысымына жазылган ID-карт паспортту көрсөткөн.

Аны дыкат текшергенде, ал Т.Н. аттуу өзбекстандык жаран болуп, көрсөтүлгөн паспорт жасалма экени аныкталган.

Кармалган жарандын жанында Өзбекстан Республикасы тарабынан берилген айдоочулук күбөлүгү болгон. Т.Н. Кыргызстанга кирүү үчүн Кыргызстандын 2004-жылкы үлгүдөгү жасалма ID-карт паспортун пайдаланганын мойнуна алган.

Тийиштүү документтер толтурулуп, мындан кийинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалган жаран Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM