Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы ачылды

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 700 | 0

Бишкек шаарынан Орусиянын Новосибирск шаарына түз темир жол каттамы ачылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.

Кыргызстандын эмгек мигранттары эми Бишкектен Новосибирск шаарына чейин түз поезд менен бара алышат. Ошондой эле, Новосибирск шаарынан кайра Бишкек шаарына чейин келсе болот.

№385/386 номерлүү алгачкы поезд 8-декабрда “Бишкек-Новосибирск” багыты боюнча жолго чыкты.

Новосибирск Орусиянын чоң шаарларынын катарында 3-орунду ээлейт. Эң ири темир жол байланышы бар шаар болуп эсептелет. Мындан тышкары, Новосибирск шаарында эң ири кыргыз диаспорасы бар. Ошондой эле, шаарда Сибирь аймагын кийим-кече менен камсыз кылган эң чоң базары бар.

Мына ушул жагдайларды эске алуу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги “Орусия темир жолу” ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган поезд каттамын ачууга жетишип олтурат.

Copyright © 2017 Maral FM