Биз менен байланышыңыз

WADA: Орусия дүйнөлүк олимпиададан 4 жылга четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 629 | 0

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (ВАДА) аткаруу комитети Орусияны эл аралык ири спорттук мелдештерден, анын ичинде Олимп оюндары менен дүйнө чемпионаттарынан 4 жылга четтетти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Мындай чечим аткаруу комитетинин Швейцарияда өткөн жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Буга Орусия спортундагы кызытмага каршы күрөшүү эрежелеринин бузулушу, анын ичинде орус тараптын Москвадагы антидопинг лабораториясындагы маалыматтар базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети себеп болду. Орусия чечимди өзгөртүү үчүн 21 күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрылса болот.

Орусиянын президенти Владимир Путин ВАДАнын чечими олимпиаданын мыйзамдарына туура келбей турганын айтып, сотко кайрылууга толук негиз бар экендигин билдирди.

-Орусиянын Олимпиадалык комитетине эч кандай доо жоктугу көрүнүп турат. Доо жок болсо, демек, өлкөбүз улуттук желеги менен катыша алат. Олимпиаданын хартиясы ошондой…,- деди Путин.

Өткөн жумада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин атайын комитети Орусиянын кызытмага каршы күрөш агенттигин (РУСАДА) Допингге каршы дүйнөлүк кодекстин талаптарына жооп бербейт деп тапкан. Буга байланыштуу спортчулар Олимп оюндары менен дүйнөлүк мелдештерге Орусиянын желеги менен катыша албайт. Эгер алар кызытма колдонбогонун далилдей алышса, мелдештерге нейтралдуу туунун алдында катышса болот.

Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.

Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM