Биз менен байланышыңыз

Президент: Азыр эч ким кылмышты кааласа каттап, кааласа жаап коё албайт

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 664 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президенттин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышын өткөрүп жатат.

Жээнбеков азыркы учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгиледи. Бирдиктүү реестр — Кыргызстанда эң чоң электрондук системанын бири. Бул система ачык статистиканы, анын катарында адам укуктарын коргоо боюнча статистиканы көрсөтө баштаганын өлкө башчысы белгиледи.

Мурдагыдай кааласа, кылмышты каттап, кааласа, жаап коё турган мүмкүндүк жок. Арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыштын саны эмес, каттоонун саны жана сапаты көбөйдү деп айтсак туура болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү кылмыштуулуктун статистикасы — бул реалдуу статистика. Бирок азырынча бул Реестрдин бир гана — сотко чейинки блогу ишке киргизилип, сот жана жаза аткаруу блоктору ишке аша элек, — деп айтты мамлекет башчысы.

Президент соттук системаны мамлекеттик бюджеттен каржылоо иши жакшырганын айта кетти. 2018-жылы дээрлик 1,6 млрд сом бөлүнсө, 2019-жылы 2 млрд 154 млн сом бөлүнгөн жана 2020-жылга 2 млрд 193 млн бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM