Connect with us

Орусия менен Украина ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 595 | 0

Орусия менен Украина 2019-жылдын аягына чейин Украинанын чыгышында ок атпоо режимин киргизип, колго түшкөн туткундарды толугу менен алмашуу тууралуу макулдашты.

Мындай документ Парижде эки өлкөнүн башчылары Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусунан кийин кабыл алынган.

Жолугушууда тараптар Донбасстагы абалды жөнгө салуу тууралуу Минск келишимдеринин аткарылышын талкуулап, ушул жылдын аягында чейин ок атууну токтотууну чечишти. Путин бул маанилүү кадам болгондугун белгилеп, эки өлкө ортосундагы мамиленин жылый баштаганын эскертти.

Зеленский да кандайдыр бир жыйынтыкка жетүү үчүн Киев менен Москва жакшы мамиледе болушу керектигин билдирген.

Путин менен Зеленскийдин эки тараптуу жолугушуусу «норманд форматындагы» саммиттин алкагында өттү. Ага Германия, Франция, Орусия жана Украина өлкөлөрүнүн президенттери жана Тышкы иштер министрлери катышты. Бул “төрттүк” жолугушуу соңку үч жылдагы алгачкы саммит болду.

Copyright © 2017 Maral FM