Биз менен байланышыңыз

Илон Маск 768 миллион долларга чыгым болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 596 | 0

«Tesla» компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жакында Малибуга Cybertruck пикабын айдап келип токтоткон. Бул тууралуу Mail Online билдирди.

Маск досторун унаасына салып келип, ресторандын жанына токтоткон. Ары-бери өткөндөр Маск жолдоштору менен кечки тамагын жеп чыкканча, кырдаалдан пайдаланып, автоунаанын жанынан сүрөткө түшүп алууга үлгүрүшкөн.

Ноябрь айында Маск Cybertruck аттуу электр заряды менен жүргөн пикабын Лос-Анжелестеги көргөзмөгө алып чыккан. Анда кайсы бир дизайнер унаанын брондолгон айнегин металлдан жасалган шар менен уруп жиберген. Айнек бычырап сынып кеткен. Автоунаанын аккуммуляторунун заряды максималдуу 800 же андан ашык чакырым жүрүүгө ылайыкталып жасалып, 2,9 секундда 96 чакырымга чейин күүлөнө алат.

Электр пикабынын презетациясынан кийин Teslaнын акцияларынын курсу 6 пайызга төмөндөп, жыйынтыгында, Илон Масктын дүнүйөсү 768 миллион долларга кемиген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM