Биз менен байланышыңыз

Тесла Модель 3 электромобилин сатыкка чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 1271 | 0

Америкалык электромобилдик компания Тесла мурдагыга караганда бир топ арзан жана жөнөкөй Модель 3 электроунаасын сатыкка чыгарды. Бул тууралуу компаниянын башкаруучу кеңешинин мучөсү Илон Маск Твиттердеги баракчасына жазды.

Модель 3 электромобилинин баасы 45 миң доллар болсо, федералдык жана жергиликтүү калифорниялык субсидияларды (жеңилдетүүчү кошумча жардам) кошкондо реалдуу баасы 35 миң долларды түздү. Буга чейин бул моделдин минималдык баасы 49 миң долларга барабар болуп жаткан.

Кошумчалай кетсек, Тесла компаниясы 2003-жылы негизделип, биринчи жолу электр тогу менен жүрүүчү автоунааларды чыгарып баштаган. Эң алгачкы чыгарган продукциясы-спорттук электроунаасы болгон. Анын өндүргөн унаалары Модел X, Модель S жана Модель 3 серияларында болуп, баалары 100 миң-35 миң доллар арасын чапчыйт.

 

Copyright © 2017 Maral FM