Биз менен байланышыңыз

Жамалидин уулу: Teslaны эл эми түшүнө баштаганда, бажы алымын киргизбей турса болмок

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 452 | 0

Tesla экологияга эң аз зыян берген дүйнөгө белгилүү компания. Тесланын электромобилдери жаратылышка  эч кандай зыян келтирбейт. Мындай пикирин Tesla электромобилдерин Кыргызстанга алып келген ишкер Кумар Жамалидин уулу билдирди.

«Биз апрель айында ачылганбыз. Азыр Кыргызстанга 15тей унаа алып келдик. Бирок талап анча эмес. Себеби биздин элибизде жаңы нерселерди дароо кабыл албайт. Шектенип, күмөн санап, карап көрүшөт. Мына сентябрь айында эле кызыгуулар башталды. Эми түшүнө баштаганда 2022-жылдан электромобилге бажы алымы кире баштайт. Аны дагы 2 жыл коё туруп, Кыргызстанды бүт электромобилге өткөрүп алса жакшы болот эле. Бишкекте кара түтүндөн рак оорулары, дем алуу органдарынын оорулары пайда болуп жатат».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM