Биз менен байланышыңыз

Дүйнө боюнча электромобилдердин сатылышы 40%га ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 768 | 0

2020-жылда дүйнө базарында электромобилдердин сатылышы 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга ашты, тагыраагы, жыл ичинде 3,1 миллион даана электромобиль сатылды. Бул тууралуу Canalys аналитикалык компаниясы маалымдады.

Анда жазылгандай, Кытай менен Европа базарларында 1,3 миллион даана электрокар сатылып, бул АКШдагы унаанын сатылышына караганда 4 эсеге көп болгон.

«Электромобиль чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунда «Tesla» компаниясы турганына карабастан, электромобилдер сатылган жаңы унаалардын 2,4 пайызын гана түзгөн», — деп жазылат маалыматта.

Дүйнө боюнча сатылган автоунаалар арасында электромобилдердин үлүшү 5 пайызды түзгөн, 2021-жылы бул көрсөткүч 7 пайызга жетери күтүлүүдө. Компаниянын божомолунда, 2030-жылы жалпы унаа сатылышынын 50 пайызын электромобилдер түзөт.

Ошондой эле, «Canalys» 2021-жылы электромобилдер соодасы 66 пайызга — 5 миллион даанага көбөйүшүн божомолдойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM