Биз менен байланышыңыз

Бишкекте электромобилди кубаттоочу 30 станция курулат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2020 | 1178 | 0

2019-жылы электромобилдерди пайдаланууга берүү жана шарт түзүү боюнча токтом кабыл алынган. Учурда аталган документтеги тапшырмалар аткарылып жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аширов “Маралга” берген маегинде билдирди.

-Токтомдо ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүп, бажы алымдарын жокко чыгаруу, кошумча нарк салыгына 7 жылга чейин мораторий киргизүү каралган. Андан тышкары электромобилдер үчүн инфраструктура түзүүгө да аракет кылып жатабыз. Изилдеп көрсөк, электромобилдер көбүнчө үйдөн кубатталат экен. Ошону эске алып, шаар ичиндеги чоң соода борборлорго, аба майдандарга кубаттоочу станцияларды куралы деп жатабыз. Мэрия менен сүйлөшүп, борбор калаага 30 станция ачылмакчы.   

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарына электромобиль чыгаруучу завод курулганы айтылып, март айында ачыла тургандыгы жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM