«SpaceX» компаниясынын «Крю Драгон» аттуу сынамык аба кемеси Эл аралык космостук станцияга ийгиликтүү жетип барды. Бул тууралуу NASA өзүнүн расмий порталынан кабарлады.
Компаниянын жетекчиси Илон Маск: «Өтө чарчадым. Анткени ашыкча стресси бар иш болчу. Кантсе да кыйынчылыктарыбыз өз жемишин берди»,-деп жазды өзүнүн Твиттер баракчасынан. Маалым болгондой, компания бул долбоордун үстүндө узак убакыттан бери иштеп жаткан болчу.
Маалыматка ылайык, аба кемесинин ичинде орусиялык, америкалык жана канадалык үч астронавт бар. Алар беш күндүк сапар ичинде кеме саякатынын чоо-жайын караштырып, ар түрдүү тесттерди жүргүзүшөт.
Ошондой эле, кемеде саякат жасоочу адам кандай психологиялык, эмоционалдык жагдайларга дуушар болорун аныктоочу сенсордук аппараттар жайгаштырылган.
Кошумчаласак, адистердин айтымында, бул долбоор компаниянын Айга уюштурууну көздөп жаткан космостук туризмине жол ачат. Буга чейин алар компаниянын 2022-жылга пландап жаткан Айга турист ташуу долбоорунун чийки экенин, көп изилдөө, тактоолорду жүргүзүү зарылдыгын айтып жатышкан болчу.