Биз менен байланышыңыз

Дамира Ниязбекова: “Ордо Сахна” тобуна 20 жыл

Үнүнүн тембри, аткаруучулук чеберчилиги укмуш. Көп жыл айтылуу «Ордо Сахна» фольклордук тобунун солисти болуп эмгектенип келе жаткан Дамира  Ниязбекова айым “Марал Шоу” программасынын кадырлуу коногу болуп, мыкты баарлашып кетти.

— Чыгармачылыкка саресеп салалы, Дамира айым?

— Бул биздин басып өткөн чыйыр жолубуз. Мектеп  жашынан кароо конкурстар көп болот эле. Андан тышкары, район, облустар аралык конкурстарга үй-бүлөбүз менен катышчубуз. “Баба” деп аталган эстрадалык тобубуз бар эле. Кийинчерээк бул топ жакшы ишин уланта  албай калгандыктан “Фольклор” тобу деп койгонбуз. Атам комуз чертчү, апам болсо ооз комузда ойногон колунан көөрү төгүлгөн уз айым эле. Андан  кийинки агам Аскар Ниязбеков музыка  чөйрөсүн кенен  тааныйт. Аккардеондо ойнойт, топту ушул агам уюуштурган. Эжекем Ниязбекова  Айым телевидениеде иштеп калды. Мен жана Ниязбеков Алмазбек бир тууганым экөөбүз азыркы күндө Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте сабак берип иштеп жүрөбүз.

— Айтылуу «Ордо Сахна» тобунда кандай жаңылыктар бар? 

— Бул топко быйыл 20 жыл толду. Юбилейлик концерт беребиз. Биздин программа абдан  масштабдуу. Бардыгы  элдик музыкалык аспаптан турган соң, элдик ырлардын курамында  түзүлгөндүктөн аларды заманбап вариантта жаңылантып алып чыгып, дүйнөлүк ырларга да кенен  орун берилди.

-Ордо Сахнанын арты менен канча өлкөнү кыдырып келдиңиз?

— 2001-жылдан баштап, чет өлкөгө чакыруулар менен  көп барып калдык. Так санын  билбейм, санабаптырмын(күлүп).

— Бактылуусузбу?

— Жашоомдо бактылуумун деп айта алам. Анткени, Жаратканым мага баарын берди. Мээрим, сүйүү, гармония, тынчтык жана жан дүйнөмдө ыр жашайт. Бары- жогуна дайыма ыраазычылык билдирем.

— Таш менен урганды аш менен урасызбы? Же жоопко жооп болушу мүмкүнбү?

— Кээ бир учурда кандай кылса, ошондой жооп бергенге туура келип калат. Анткени, ал сенин талабыңа туура келбесе, 2-3 жолу кайталанса, анда катуу айта албасаң да, акырындык менен  түшүндүргөнгө болот. Мен ошол нерсеге  көп көңүл бурам. Урушсуз, талашсыз, ачык-айкын чечип алыш керек.Бул айтылганды мен мурда жөн гана макал катары кабыл алчумун. Азыр болсо маанисин терең түшүнө билип, акыл калчап калдык.

— Жалкоонун жан жолдошу уйку экен. Уйкуну жакшы көрөсүзбү?

— Эгерде сен колуңду куушуруп олтура берсең, анда ачкалык бат эле жетип келет. Андыктан уйкучу болсоң ого бетер санаа тартасың. Бул нерсенин чеги болсо жакшы да.

— Дамира айым, сизге чоң рахмат.Өнөрүңуз өркүндөп өсө берсин!

— Рахмат, Загифа. Чакырып туруңуздар.

 

Copyright © 2017 Maral FM