Биз менен байланышыңыз

«Окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 981 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам ушул жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстандын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүүчү мекемелердеги башталгыч класстардын окуучуларына тамактанууну уюштуруу тартибин аныктайт.

Мыйзамдын максаты билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун меню боюнча уюштуруу, алардын жаш курагына дал келген азык жана энергетикалык заттар, сарамжалдуу жана балансташкан тамактануу үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM