Биз менен байланышыңыз

Япония Кыргызстан менен япон тилин окутуу боюнча кызматташууга кызыктар

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 664 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Сигэки Маэда япон тилин терең окутуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну активдештирүүгө кызыктар экенин айтты.

Каныбек Исаков министрлик мектептерде көп тилдүү билим берүүгө басым жасап жатканын айтып, япон тилин окутууну өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Тараптар мындан сырткары билим берүү жана башка тармактарга колдоо көрсөткөн Япониянын гранттык программасынын аткарылышын талкуулашты.

Министр мектеп имараттарынын сейсмикалык туруктуулугу боюнча долбоорду карап чыгууну сунуштады.

 

Copyright © 2017 Maral FM