Биз менен байланышыңыз

Разаков: Өкмөт коррупцияга каршы комплекстүү иштерди аткарып жатат

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 470 | 0

Өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча комплекстүү иштерди аткарып жатат.  Мындай пикирин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү механизмдери, анын элементтери жана өркүндөтүү» деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, коррупция коомубуздун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген негизги факторлордун бири бойдон калууда.

Көрүнүп тургандай, жаза чараларын жана кылмыштык куугунтуктоону колдонуу коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө кырдаалды жакшыртууга радикалдуу таасир берүүгө жол бербейт. Ийкемдүү таасир этүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн бардык жалпы мамлекеттик аппаратты бириктирүү талап кылынат, — деди ал.

Жеңиш Разаков билдиргендей, Кыргыз Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасына ылайык 2018-2022-жылдарга карата бардык мамлекеттик кызматтарды санариптик форматта көрсөтүү үчүн жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү платформасын түзүү каралууда жана жалпы улуттук санариптик трансформациялоо программасы киргизилди.

Вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, коррупцияга каршы ишмердүүлүктө күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү.

Сөз соңунда белгилей кетким келет, коррупцияга каршы күрөшүү Өкмөттүн ишиндеги башкы элементтердин бири болуп саналат. Биз коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жана өркүндөтүү, натыйжалуу өз ара иштешүү боюнча жаратмандык иштерди улантабыз, — деди Разаков.

Copyright © 2017 Maral FM