Биз менен байланышыңыз

Токаев менен Меркель жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 647 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Германиянын канцлери Ангела Меркель жолугушту. Жолугушуунун расмий бөлүгү федералдык канцлердин имаратынын астында өттү. Анда Казакстандын, Германиянын жана Европа Биримдигинин желектери көтөрүлүп, Бундесвар башкы оркестринин коштоосунда эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Андан соң эки тараптуу расмий делегациялардын таанышуусу болду.

Салтанат аяктаган соң Казакстандын президенти менен Германиянын канцлери кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Талкуу учурунда негизинен, эки тараптуу мамилени активдештирүү жана стратегиялык экономикалык шериктештикти орнотуу маселелери каралган. Ошондой эле билим берүү, илим жана маданият тармактарына да көңүл бурулду.

Copyright © 2017 Maral FM