Биз менен байланышыңыз

Айдин Шер: Жакында дастан айтып чыгам

Учурунда «Тушалган  махабат», «Мага  сүйүү келе  элек», «Махабат өмүр көркү» деген ырларды уккандырсыз. Мына ушул ырлардын аткаруучусу ырчы мырза Айдин Шер «Марал» радиосуна келип, маек куруп кетти.

— Саламатсызбы, Айдин мырза? Сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын.

— Саламатсыздарбы! Рахмат, мен  дагы.

— Сиздин ырлар көбүнесе махабат темасында жазылып, сүйүүнү күтүп жүргөндөй сезилчү.  Азыр болсо сүйүктүү жар, татынакай кызыңызды таптыңыз. Шоу-бизнес чөйрөсүнө баш багып, андан соң ортодо чыгармачылыкка чекит койсомбу деген ойлор менен дагы жүрүп калдыңыз. Эми чыгармачылыкка баш-отуңуз менен кириштиңизби?

— Ооба, буюрса, чыгармачылыкта жаңылыктарым  бар. Келе  жаткан жаңы жылга чейин бир дастан даярдап койгонмун. Албетте, Айдин Шер мындайларды ырдабайт деп ойлошсо керек. Мен бул жолкусунда катуу кириштим чыгармачылыкка(күлүп). Өзүмдү ар кандай жанрда ырдап сынап көргүм келет. Андан сырткары, жаңы дуэттер да бар, киного дагы сунуш түшкөн. Ошол жагынан да өзүмдү такшалтайын деп турам.

— Чыгармачылыктан сырткары сизди кайсыл тармактан көрө алабыз?

— Азыр болгону чыгармачылык менен алпурушуп жатам, бирок чакан бизнестерим бар.

— Чет өлкөнүн ырчыларынын кимиси менен дуэт аткарсам деген кыялыңыз бар?

-Светлана Назаренко менен дуэт аткарсам деген  ойлор бар. Буюрса, иш жүзүнө ашырам.

— “Ата” деген статуска ээ болгондон кийин Айдин Шер дагы өзгөрсө керек?

— Ооба, бул статусту алып жүрүү эң сонун. Кызым бар, аты — Айбийке. Буюрса, төрт жашка  чыгат. Достор менен жолугуп калганда талаш–тартышка түшөбүз. Көбү биринчиси эркек болгону жакшы деп айтып калышат, бирок кыз бала абдан назик, атасына жакын, камкор, мээримдүү болот экен. Кызым азыр эле  “Ата, тамак ич, ата жакшы көрөм” деп турат. Кызым бар, бактым бар. Буюрса, экинчисин да күтүп атабыз.

— Келинчегиниздин сиз баалаган 5 мыкты сапаты?

— Абдан жөнөкөй, ата энемди жана  мени  сыйлайт, тамакты жакшы жасайт, сүйүктүү жар.

— Чыгармачылык сиз үчүн эмне?

— Бул менин жашоом. Башында хобби катары алып жүргөм. 18жашымда прокурор болом деген кыялым бар  болчу. Кийин ал ойдон кайттым. Москвада 7 жылдай  жүрдүм. Бизнести баштадым. Бирок, айланып келип эле чыгармачылык мени өзүнө тартып алды. Жашоо мени калчады жана тарбиялады.

— Адамга ишенүү үчүн канча убакыт сарпталат?

— Мен адамга бат ишенем. 1 саат талап кылынат.

— Өлкөнү өнүктүрүүгө кандай салым кошо аласыз?

— Ар бир адам ал үчүн аракет кылуусу зарыл. Үйдө жатып  алып, бирөөнү сынаган аябай оңой. Ошол эле учурда мамлекетти эмес, чакан үй-бүлөсүн бага албагандар да бар. Андыктан, ар бирибиз бир кичинекей эле нерседен баштасак, жакшы нукка бурулабыз.

— Саясатка кызыгасызбы?

— Жок, түңүлгөнмүн. Ал жакка аралашкым келбейт.

— Ырдоо таланты ким тараптан өткөн?

— Апам жакшы ырдайт. Ал ырдаганда биз муюп  угабыз.

 

 -Айдин  Шер, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылыкта көп ийгиликтер болсун!

— “Марал” радиосуна да чоң рахматымды айтам. Бийиктей бергиле!

Copyright © 2017 Maral FM