Биз менен байланышыңыз

Президент саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптештирүү менен таанышты (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 442 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборуна жана Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Болот Майканаев белгилегендей, санариптештирүү процессинин алкагында кара учукка каршы кызматынын маалыматтык системасы башка мамлекеттик электрондук системалар (МКК, Соцфонд, ММКФ, Саламаттык сактоо министрлиги) менен «Түндүк» ЭВӨС аркылуу интеграцияланган.

Заманбап иштеп чыгууларды пайдалануу менен кургак учукка каршы кызматтын бирдиктүү борборлоштурулган башкаруу системасы жана бардык маалыматтардын жана программалардын мониторинги түзүлгөн. Ошондой эле кургак учук менен ооруган бейтаптардын оорусун жазган лаборатордук маалыматтык система менен интегралдашкан электрондук медициналык система киргизилип, кургак учук менен ооруган бейтаптар дары-дармектер менен толук камсыздалууга жетишкен.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барып, тез жардам унааларын, Борбордун капиталдуу ремонт жасалган имаратын көрүп чыгып, санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты. Борбордун директору Искендер Шаяхметов тез жардам бригадаларынын ишин оптимизациялоо жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргизилгенин маалымдады.

Бул долбоорду ишке ашыруу диспетчерлердин чакырууларды карап чыгуу мөөнөтүн кыскартып, бригаданын жолдо жүрүү убактысын кыскартты. Булардын баары чакырылган жерге кечигип барууну төмөндөттү. Эгерде 2017-жылы 20 минуттан көп кечигүү менен барган учур 70% түзсө, ушул жылдын 6 айында бул көрсөткүч 21%га кыскарган.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев мамлекеттик органдарга, анын ичинде медицина тармагына электрондук мамлекеттик кызматты жана санариптик кызмат көрсөтүүнү киргизүү боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү процессин медицина тармагында өлкөнүн региондорунда да тездетүүнүн маанисин өзгөчө белгиледи, анткени жарандардын жашоосуна жана ден соолугуна түздөн-түз таасир берип, калкка натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле медициналык тейлөөнү автоматташтыруу медицинадагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, көмүскө төлөмдөрдү мыйзамдаштырат жана тармактын жалпысынан тазалыгын жогорулатат.

Жээнбеков санариптештирүүнүн алкагында дарыгерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатууга көңүл бурду.

Мамлекет башчысы медициналык мекемелердин жамааттарына ыраазычылык билдирип, кургак учукка каршы кызматтын жана тез жардам станцияларынын жумушчуларына айлык акыларды жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM