Биз менен байланышыңыз

Айгүл Мамбетказиева Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору болду

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 646 | 0

Айгүл Мамбетказиева Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейине директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Улуттук университеттин тарых факультетин аяктаган (1973-1978). Билими боюнча тарыхчы.

Эске сала кетсек, Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин мурунку директору Мира Жангарачева имаратты феминисттик кыймылдын провакациялык иш-аракеттери үчүн ижарага бергенин өз ишине болгон калпыстык деп баалап, арызын жазган. Арызга министр Жаманкулов кол коюп, Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM