Биз менен байланышыңыз

Мира Жангарачева Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору болду

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 511 | 0

Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Мира Жангарачева 1952-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин кандидаты, доцент. Буга чейин бир катар мамлекеттик, анын ичинде губернатордун орун басары, министр, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Эске салсак, аталган музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев музейдеги сүрөттөрдү жараксыз абалга келтиргени боюнча айыпталып, кызматынан алынган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM