Биз менен байланышыңыз

Филиппиндеги бороон 17ден ашык адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 514 | 0

Филиппинде катталган бороон бери дегенде 17 адамдын өмүрүн алды. Буга чейин каза болгондордун саны 13кө жеткени айтылган болчу.

Бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн.

Табигый кырсык катталган аймактан 500 миңден ашык адам эвакуацияланган. Ондогон аймактар ири жоготууга учураганы айтылууда, турак-жайлар кыйрап, электр өткөрүүчү түтүктөр жабыркаган.

Бороондун айынан мектептер жабылып, Филиппиндин борбору Маниладагы эл аралык аэропорт ишин токтоткон.

Метеорологдордун айтымында, мындай аба-ырайы 5-декабрда да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM