Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан курулушта каза болгондорго карабай метронун ишин ылдамдатуу аракетинде

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 913 | 0

Өзбекстандын Ташкент шаарындагы метронун курулушундагы кырсыктуу окуядан соң, бийлик курулушту жаңы жылга чейин бүтүүнү талап кылууда. Бул тууралуу CA-NEWS порталы жазды.

— Президент Санкт-Петербургдагы иш сапарынан келген соң, ага бул кырсык кадимки курулуш аянтында болуучу кырсыктардын бири экендиги маалымдалган. Окуяны ошондой эле кабыл алган өлкө башчысы курулуш иштерин тездетүүнү тапшырган,- дейт аты аталбаган ишкер.

Мындан улам тийиштүү өкүлдөр курулуштагы адам санын жана техникаларды көбөйтүп, ишти ылдамдатып, 27-28-декабрга бүтүрүү аракетин көрүшүүдө.

18-декабрда Ташкенттеги Юнусабад районундагы метро жолу курулуп жаткан аймакта жер көчкөндүктөн, иштеп жаткан 6 кызматкер топурак астында калып, каза болгон. Адистердин айтымында, жердин көчүшүнө бир нече күн токтобой жааган жаан, жердин нымдалышы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM