Биз менен байланышыңыз

Филиппинде 43 миң адам эвакуацияланат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 661 | 0

Филиппин бийлиги «Каммури» бороону жакындаганына байланыштуу Лисон аралында жашаган 43 миң тургундун эвакуацияланарын билдирди. Ошондой эле, бул шашылыш кабардан улам, өлкөнүн чыгыш тарабындагы мектептер жабылган.

Метеорологдордун айтымында, шамалдын күчү саатына 185 кмге чейин жетиши ыктымал.

Атайын адистер Филиппин аралдарында күтүлүп жаткан тайфун 2014-жылдагыга салыштырмалуу күчтүү болушу мүмкүн экендигин айтышкан. 2014-жылдын июль айында болгон «Раммасун» бороону жүздөгөн адамдын өмүрүн алган.

Андан сырткары, 2013-жылы Филиппинде 7300 адамдын өмүрүн алган «Хайян» тайфуну катталган. Табигый кырсыктын айынан 5 миллиондон ашык адам турак-жайларын таштап чыгып кетүүдө мажбур болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM