Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея: Тайфундун кесепетинен 270 миңден ашуун үй жарыксыз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 359 | 0

ММКлар Түштүк Кореянын түштүк жана чыгыш жээктерин «Майсак» катуу тайфуну каптаганын жазды.

Маалыматка караганда, саатына 140 чакырым ылдамдыкка жеткен шамал бактарды жана жол чырактарды оодарып кеткен. Нөшөрлөп жааган жаандан улам жолдорду суу каптады.  270 миңден ашуун үй жарыксыз калган.

Кийинчерээк алсыраган тайфун өлкөнүн чыгыш тарабын каптап, суу ташкындарын пайда кылды.

Япониянын жээк коопсуздугу өлкөнүн түштүк жээгинде кырсык болгонун билдирген кемени издеп жаткандыгын кабарлады. Кемеде экипаждын 42 мүчөсү жана 5800 баш бодо мал болгон.

Жергиликтүү метеорологиялык кызматтар аймакка «Майсактан» күчтүү жаңы тайфун жакындап келе жатканын эскертишти.

Буга чейин Түштүк Кореяда жүздөгөн каттамдар токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM