Биз менен байланышыңыз

Он миң мугалим жаңы билим берүү стандарттарын үйрөнөт

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 2188 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын техникалык жардамы менен 7-11-класстын мугалимдерин математика, физика, химия, биология жана география предметтери боюнча жаңы билим берүү стандарттарын окутуп жатат. Өлкө боюнча жалпы 10 000 педагогду окутуу пландалган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн коомчулук бизден мектептеги окутуунун сапатын кантип көтөрөбүз, окуу китептери кандай болушу керек жана эң башкысы — мугалимдин аброюн кантип көтөрүп, анын кесиптик чеберчилигин кантип арттырабыз деген суроолорго жооп күтүп жатат,-деди министр Каныбек Исаков.

Семинарда долбоордун консультанттары, министрликтин кызматкерлери менен биргеликте билим берүүдөгү гендердик мамиле, аны практикада колдонуу аспекттери, 7-9-класстар үчүн табигый илимдер жана математикалык багыттагы предметтер боюнча окуу-усулдук комплекстердин апробациялоо тажрыйбасы, окуу китептерин басып чыгаруу жөнүндөгү иштелип жаткан жаңы жобонун негизги учурлары, окуу китептерин ижарага берүүнү ишке киргизүүдөгү көйгөй жана натыйжалары боюнча презентациялар катышуучуларга сунушталды.

Ошондой эле, семинарда мугалимдин кесиптик стандартынын болжолу, аттестациялоо, мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жана аны күндөлүк педагогикалык практикасына ишке киргизүү суроолору талкууланды.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо боюнча республикалык институтунун директору дистанттык билим берүүнү (онлайн) колдоонуу менен квалификацияны жогорулатуу системасын реформалоо кантип ишке аша турганын көрсөттү.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү: билим берүү системасын бекемдөө” долбоору тарабынан уюштурулду.

 

Copyright © 2017 Maral FM