Биз менен байланышыңыз

СПИДге кабылган аялдардын саны өстү

Кыска кабар | 1 Дек 2019 | 904 | 0

Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адамды түздү. Бул эсеп былтыркы жылга салыштырмалуу 837 адамга көп. Ооруну жугузгандардын 2013ү каза болгон.

ВИЧке кабылгандардын 64%ы аялдар, 36%ы эркектер. Ооруга чалдыккандардын 70%ын 25-49 жаштагы адамдар түзөт.

Дартка кабылгандардын 47%ы корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45,1%ы баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуулар аркылуу жуктурган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8%ы так аныктала элек.

Бир жыл мурда, 2018-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ жугузуп алган 8679 киши катталган. Алардын ичинен 1873 киши каза болгон. Акыркы учурларда жугуу жолдору өзгөрүүдө. Ошондой эле, аялдар менен эркектер арасындагы айырмачылык байкалууда. Мурда 2010-жылы аялдар 10%ды түзсө, азыр ооругандарын 64%ын аялдар түзөт. Ал эми эркектер жаңы инфекция пайда болгондо 90%ды түзсө, азыр алар 36%ды түздү.

Улуттук стаистикалык комитеттеги маалыматка ылайык, 2008-2018-жылдар аралыгында жыл сайын ВИЧ илдетин жуктурду деп катталган жаңы учурлар:

1) эркектер арасында:

2008 2009 2010 2011 2012 2013 2014 2015 2016 2017 2018
Парентериалдык (кан, ийне…) 319 454 322 358 288 166 174 162 175 179 127
Жыныстык катнаш 34 30 55 45 86 101 147 165 206 240 302
Энеден-балага 18 11 10 11 19 9 5 12 7 6 13
жалпы 371 495 387 414 394 277 344 355 466 463 509

2) аялдар:

2008 2009 2010 2011 2012 2013 2014 2015 2016 2017 2018
Парентериалдык (кан, ийне…) 48 32 28 40 64 25 14 14 39 35 13
Жыныстык катнаш 126 140 129 133 217 176 234 251 251 266 247
Энеден-балага 7 4 10 7 17 1 10 13 9 10 12
жалпы 181 176 167 180 299 203 268 287 319 333 311

 

Бүгүн 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү.

Бул күн 25 жылдан бери элге маалымат жеткирүү жана кишининин иммундук жетишсиздик вирусун жуктуруп алган адамдарды колдоо максатында белгиленип келет. Аталган ооруу заманбап дүйнөнүн чечүүгө эң кыйын болгон чакырыктарынын бири.

Белгилей кетсек, биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу бара-бара анын кабылдоосуна алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Дүйнө жүзүндө ВИЧке чалдыккан 37,9 млн адам болсо, анын 1,7 миллиону балдар болуп саналат. Оорууга чалдыккандардын 79%ы өз оорусунан кабары бар.

БУУнун маалыматына ылайык, 2010-жылга салыштырмалуу аталган оорууну жугузгандардын саны 2018-жылы Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө 29%га өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM