Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө ВИЧ илдетин мигранттар алып келишет

Ден соолук | 30 Ноя 2018 | 973 | 0

Алты миллион калкы бар Кыргызстанда 8679 киши ВИЧ илдети менен жабыркайт. Бейтаптардын 60 пайызын аялдар түзсө, Ысык-Көлдө иммундук вирус эркектер арасында көп катталууда. Ал миграцияга байланыштуу.

-ВИЧ менен ооругандарды керек болсо үй бүлөсүндөгү кишилер да байкашпайт. Биздин борборго келгенде дагы бети колун күркөлөрү менен жаап, жоолукту баса салынып алып келишет. Анткени алар таанышым көрүп калган жокпу деп намыстанышат. Айтайын дегеним, бул оору менен узак убакытка чейин күрөшүп жашагандар бар. Ал үчүн каттоого туруп, тиешелүү дары-дармекти өз учурунда алып турса жакшынакай жашап кетишет. Албетте бейтаптар дарт жөнүндө биринчи укканда шок абалда болушат. Кийин туура кабыл алып көнүп кетишет.

Мындай маалыматты мед айым Назгүл Супатаева айтты.

Облустагы СПИДке каршы күрөшүү борборунда эмгектенген дарыгерлер белгилегендей учурда иммундук вирус менен жабыркаган жарандар оорусу жөнүндө айтуудан баш тартышат. Анткени илдетке чалдыккандар жашоочулардын тескери көз карашынан коркуу сезимде жашап келишет. Бирок коомчулук мындай адаттан арылып, бейтаптарга колдоо көрсөтүү зарыл экендигин эми гана түшүнүп келе жатышат. Алардын ичинен айрым жашоочулар буларга токтолду.

-Мен ВИЧ илдетине чалдыккан адамдарды жүзүнөн таанып көргөн эмесмин. Алар деле кадимки кызматкер катары иштейт, үй бүлө багышат. Коомдон таптакыр бөлүп кароого болбойт да.

— Ар бир адам өзүн ыплас нерселерден сактап жүрүш керек. Бул менин жеке оюм. Ар кандай оорунун алдын алуу боюнча бир жылда бир жолу атайын тест тапшырып туруш керек. Мисалы, рак илдети менен ооругандар да жашоо үчүн күрөшүп келишет. Ошол сыяктуу иммундук вирус менен күрөшсө болот.

-Негизи ар бир адам бул дартты тилеп албайт да, кандай болгон күндө дагы бейтап муну кырсык катары кабыл алуусу зарыл. Ошол эле учурда коомчулук колу менен көрсөтүп намысына шек келтирүүсү да болбойт. Жардам бери дарылатыш керек.

Анткени облуста быйылкы 10 айда 37 адамдан ВИЧ илдети чыккан. 2002-жылдагы маалыматтарды кошуп санаганда азыр жарым миллион калктын арасынан 251 адам жабыркоодо. Андыктан алдын алуу иштерин жүргүзүүдө вирус чыккан жарандарды анонимдүү, психологиялык жактан даярдап, андан соӊ дарылоо иштерин жүргүзүү зарыл. Эгер бейтаптар дары-дармекти өз убагында колдонсо коомчулук арасы тазармак. Мындай пикирин облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун лаборатория бөлүм башчысы Жүзүм Ташбаева маалымдады.

Биздин эркек балдарыбыз акча табуу үчүн чет жерден жакшынакай эле иштеп келишет. Анан окууну жаӊы бүткөн же кесиптин ээси катары окуп жаткан кыздарга баш кошот. Анан эле кош бойлуу аялдардан тест алганда ВИЧ чыгып калып жатат. Сураштыра келсек, күйөөлөрү иммигрант болуп келгендер. Ошентсе да адам таптакыр өзүн таштабашы керек. Мисалы, кант диабети же кан басымы менен ооругандар такай дары менен жүрүшөт. Бул ооруну деле ошол сыяктуу кабыл алып, берилген дарыны өз убагында ичүү туура болот. Ошондо коомубуз да таза болуп башкаларга жукпайт.

Белгилей кетсек, 16 жыл аралыгында адамдын иммундук вирусуна кабылгандардын  63% эрекектер түзсө, 37 % аялдар болуп саналат. Бүгүнкү күндө алардын 98 диспансердик көзөмөлдө турса, 90 бейтап вируска каршы дары-дармекти кабыл алышат. Ал эми ак халатчандардын көзөмөлүнөн таптакыр баш тарткандар бара-бара оорусу күч алып, көз жумганын борбордун жетекчиси Шаршекан Огоева айтты.

ВИЧ илдети 2002-жылы чыккандан баштап бүгүнкү күнгө чейин 37 адам каза болду. Быйыл 3 адам көз жумду. Ѳлүмгө дуушар болгондор дарыгерлердин көзөмөлүнөн баш тартып, качып кетип оорусун күчөтүп жиберишкен. Ал эми жугуу жолдору биринчи орунда жыныстык катнаш жолу аркылуу болот, экинчиден кан аркылуу, ошондой эле кош бойлуу энеден балага өткөн учурлар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM