Биз менен байланышыңыз

БУУ: ВИЧти жугузгандардын саны 8 жыл ичинде 16%га кыскарган

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 527 | 0

ВИЧ инфекциясы 2018-жылда дүйнөнүн 1,7 миллион адамына жуккан. СПИД оорусун жугузган 770 миң адам каза болгон. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылганын РИА Новости агенттиги жазды.

2010-жылга салыштырмалуу былтыркы жылы аталган оорууну жугузгандардын саны 16%га кыскарган. Вирус менен күрөшүүдө Түштүк Африка өлкөлөрү алгылыктуу жыйынтык көрсөтүп, 40%га азайткан.

Дүйнө жүзүндө ВИЧке чалдыккан 37,9 млн адам болсо, анын 1,7 миллиону балдар болуп саналат. Оорууга чалдыккандардын 79%ы эле өз оорусунан кабары бар.

Баяндамада билдирген маалымат боюнча,  Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө 29 %га өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM