Биз менен байланышыңыз

Орусияда 31 жылда 318 миң адам ВИЧ илдетинен каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2019 | 618 | 0

ВИЧ илдети катталып башагандан бери Орусияда аталган оорудан 318 миң адам каза болгондугун Орусиянын Санитария-эпидемиологиялык кызматты билдиргенин Daily басылмасы жазды.

Орусияда биринчи жолу ВИЧ илдети 1987-жылы катталып, ошол эле жылы СССРдин Жогорку Советинде ВИЧ-СПИД илдетин жуктуруп алуунун алдын алуу жөнүндө жарлыгы чыккан.

2018-жылы Оруссияда ВИЧ илдети менен ооруган 36 868 киши каза болгон. Орусиянын расмий билдирүүсү боюнча өткөн жылдын аягында ВИЧ илдетине чалдыккан 1 007 369 адам жашаган. Илдетке чалдыккандардын 57,5 пайызы жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алса, 39%ы банги заттарды колдонууда жуктуруп алышкан.

Оорунун жогорку ылдамдыкта жайылуусу 30-44 жаштагы кишилердин арасында катталган. Ошондой эле чоң шаарларда ВИЧ илдети башка майда шаарларга караганда бат жайылганы байкалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM