Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Өкмөт жугуштуу ооруларга жооп кайтарууну камсыздоого бет алды

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 648 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бириккен улуттар уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча кошмо программасынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы атайын кеңешчиси Мишель Казачкин менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекованын айтымында, Өкмөт ВИЧ/СПИДге жана кургак учукка каршы күрөшүү жаатында эл аралык донордук уюмдардан тышкары гранттык көмөктүн көлөмүнүн кыскаруусу шартында мамлекеттик бюджеттин каражатынан жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү программаларын каржылоону ырааттуу түрдө жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүдө.

«Саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптимизациялоо жана дары-дармек сатып алуу үчүн каралган мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштер аткарылууда. Биздин өлкө ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү маселесин терең колдоого алуу менен алдыга коюлган милдет-максаттарды чечүүдө мультисектордук мамиленин маанилүүлүгүн түшүнөт», – деди ал.

Өз кезегинде Мишель Казачкин белгилегендей, бүгүнкү жолугушуунун предмети катары жетишилген жыйынтыктарды жана актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүдөгү мындан аркы кадамдарды талкуулоо жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык, 2030-жылга дейре ВИЧ/СПИД, кургак учук жана сарыктын жайылуусун жоюу иштериндеги жетишкендиктерди чыңдоо болуп саналат.

Жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова республика күчтүү стратегия жана натыйжалуу иш-аракеттердин аркасы менен аталган жугуштуу ооруларга тийиштүү жооп кайтарууну камсыздоого бет алгандыгын дагы бир ирет тастыктады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө козголгон сунуштамалар эске алынуу менен кемчиликтер оңдолуп, чечимдерди кабыл алуу деңгээлиндеги талдоолор жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM