Биз менен байланышыңыз

“Каркыра-автодорожный” бекетинен Казакстанга өтүүгө убактылуу чектөө киргизилет

Кыска кабар | 30 Ноя 2019 | 419 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-автодорожный” (Кыргызстан) — “Кеген-автодорожный” (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө бекеттери 1-декабрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө башкармалыгы билдирди.

Чек аралар казак тараптын демилгеси менен жабылат. Аба ырайынын жана жолдо жүрүүнүн шарттарына байланыштуу, ошондой эле чукул кырдаалдардын болуп кетүүсүнүн алдын алуу максатында ушундай чечим кабыл алынган, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган чек ара бекеттеринен адамдардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM