Биз менен байланышыңыз

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда Назарбаевге жаңы макам берилди

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 645 | 0

Ташкент шаарында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун ардактуу төрагасы макамы берилди. Бул жолугушууга президент Сооронбай Жээнбеков да катышууда.

Биринчи президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибай өзүнүн «Twitter» баракчасына:

-Экинчи консультативдик кеңештин жолугушуусунда делегация башчылары тарабынан Нурсултан Назарбаевге Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун ардактуу төрагасы макамын берүү чечими кабыл алынды, — деп жазды.

Бүгүн, 29-ноябрда Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусу өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM