Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Путин жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 576 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу мамилелери активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын белгиледи.

«Биз дайым сизди Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз, сизди биздин өлкөдө жакын жана чыныгы дос катары кабыл алышат», — деди Жээнбеков.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн гана эмес, аймактагы кызматташтык жаатында дагы маанилүү болгон көптөгөн маселелер боюнча Кыргызстан лидерликти көрсөткөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер ийгиликтүү өнүгүп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамлекеттер аралык жана саясий мамилелердин бардык тармактарында байкалып жатканын өзгөчө белгиледи.

Ал Орусия Кыргызстан менен болгон экономикалык байланыштарда лидерлердин бири экенин белгиледи — 2018-жылы өз ара соода-сатыктын жүгүртүүсү 17%дан ашып, Кыргызстандын Орусияга экспорту 22%га жогорулаган.

Copyright © 2017 Maral FM