Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан: Аялдардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюуда

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 569 | 0

Түркмөнстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер ар кандай шылтоо менен аялдардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюшууда. Бул тууралуу Борбор Азия боюнча Аналитикалык борбору жазды.

Маалыматка ылайык, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер айдоочулардын күбөлүктөрүн алып, унааларын айып төлөөчү жайга алып барып коюшууда. Ошондой эле Түркмөнстандын ИИМи аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүгө жана анын мөөнөтүн узартууга расмий эмес тыюу салган. Бирок кызматкерлер эч бир нормативдик актыларга шилтеме берген эмес. Унаа айдап бара жаткан аялдарды токтотуп, түшүндүрүү иштери жок эле айдоочулук күбөлүктөрүн алып, унааларын МАИ борборуна жеткирип койгон учурлар Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында да кездешип жатканын жазат басылма.

Унаа сүйүүчү айымдар арыз жазып атайын органдарга барышканын, бирок бюрократия жана мыйзамсыздыктын айынан Прокуратурага да кайрылганы менен эч майнап жоктугун айтышкан. Маселенин себебин аныктап берүү өтүнүчүнө, баары бирдей «кызматкерлер арасында мыйзам бузуу катталган эмес, милицияга кайрылып көрүңүз» деген жооп алышкан.

Басылма белгилегендей, аялдар жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер менен маектешкенде, аларга мындай чечим ИИМ тарабынан берилгенин билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM