Биз менен байланышыңыз

Албанияда аза күтүү күнү жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 497 | 0

Албанияда жер кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун саны 40тан ашты. Бул тууралуу Exit жаңылыктар порталы жазды.

Буга чейин каза болгондордун саны 35 адамга жеткени айтылган болчу. Андан соң дагы бир топ адамдарды имарат астынан таап чыгышкан.

Ошондой эле, 650дөн ашык жаран медициналык жардам сурап кайрылышкан. Алардын арасында оор абалда болгондору да бар.

Маалыматка ылайык, зилзаланын күчү 6,4 баллга жеткен. Силкинүүнүн очогу Тиран жана Дуррес шаарларынын ортосунда болгон.

Издөө-куткаруу иштери Дуррес шаарында дагы деле уланууда. Урап түшкөн имараттардын астында адамдар болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Албаниянын өкмөт башчысы Эди Рама 28-ноябрь албан желегинин күнүнө арналган салтанатты токтотуп, бул датаны аза күтүү күнү деп жарыялады. Ошондой эле, Тиран жана Дуррес шаарларына өзгөчө кырдаал режимин киргизди.

Copyright © 2017 Maral FM