Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун саны тогузга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 497 | 0

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван провинциясында катталган жер титирөөдөн 9 адам көз жумду. Буга чейин 8 киши каза болгону айтылган болчу.

Каза болгондордун үчөөсү — балдар. Жабыркагандар жалпы 50 кишиге чукулдаган. Алардын тогузунун абалы оор экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Ван провинциясы кыргыздар көп отурукташкан аймак болуп саналат.

Буга чейин Европа Жер ортолук сейсмологиялык борбору Түркия менен Иран ортосунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталганын маалымдаган.

Иран тарапта 25 киши ар кандай деңгээлде жаракат алганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM