Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы зилзаладан кеминде 8 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Фев 2020 | 897 | 0

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван провинциясында катталган жер титирөөдөн бери дегенде 8 адам көз жумду. Бл тууралуу Түркиянын ИИМ жетекчиси Сулейман Сойлу билдирди.

Андан сырткары, өлкөнүн Cаламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 21 киши ооруканага жеткирилгенин айтты. Алардын сегизи оор абалда.

Жабыркагандардын саны дагы өсүүсү мүмкүн экендиги айтылган.

Буга чейин, Европа Жер ортолук сейсмологиялык борбору Түркия менен Иран ортосунда күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө катталганын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM