Биз менен байланышыңыз

Жапония 25 жыл мурда 6,5 миңдей адам каза болгон зилзала курмандыктарын эскерди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 424 | 0

Жапонияда 25 жыл мурда болгон Улуу Хансин зилзаласы аталышындагы табигый кырсыкта каза болгондорду эскерилди.

Аза күтүү аземи таңкы саат 5терде башталды. Шаар тарыхында кара дата катары саналган «1.17» санын көрсөткөн 5 миңдей шам жагылып, зилзала катталган саат 05.46да эскерүү мүнөтү башталды.

Жапониянын Кобе шаарында 1995-жылдагы күчү 7,3 баллга жеткен катуу жер титирөөдөн улам 6 миң 434 адам мерт кеткен. 300 миң адам турак-жайсыз калган.

Copyright © 2017 Maral FM