Биз менен байланышыңыз

Жапония: Кемеде карантинге алынган чет элдиктер эвакуацияланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 794 | 0

Жапониянын Йокогама портунда коронавируска кабылышы мүмкүн деген шек менен 3-февралдан бери карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) аттуу круиздик лайнердеги чет элдик жарандар эвакуацияланууда.

16-февралда АКШ лайнерден 400дөй жаранын эвакуациялады. Алар атайын жабдылган автобустар менен АКШга уча турган атайын учактарга жеткирилип, мекенине кетишет. Эвакуацияланган жарандар өлкөсүнө барган соң кайрадан 14 күндүк карантинге алынып, америкалык дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга аргасыз.

Ал эми лайнерде коронавирус жуктурган 44 америкалык жаран Жапониянын медициналык жайында дарыланмакчы.

Ошондой эле, Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон да лайнердеги австралиялыктарды эвакуациялай турганын билдирди. Учурда Жапониядагы карантинге алынган кемеде 200дөн ашык австралиялык бар, анын бери дегенде 20сы коронавируска кабылган.

Ичинде 3 700 жүргүнчүсү бар жапониялык лайнер 3-февралда карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган.

Йокогамадан 20-январда чыккан кеме Кагосима – Гонконг – Окинава багытында жүрүп, 3-февралда кайрылып келмек. Бирок, өз мекенине жеткенде лайнерден түшүп калган 80 жаштагы Гонконгдун тургуну 2019-nCoV вирусун жуктуруп алганы аныкталды. 3-февралга карай кемедеги бир нече адамдын абалы кескин начарлаган. Жапония бийлиги кемени сууда кармоо чечимин чыгарып, экипаж мүчөлөрүн жана 3700 жүргүнчүнүн баарын текшерип чыгышкан.

Ал эми кеменин калган жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүн 14 күн карантинге алып, 19-февралга чейин кемеде кармап туруу чечими чыккан.

Круиздик лайнерде жалпы 2 миң 666 жүргүнчү, 1 миң 45 экипаж мүчөсү бар. Туристтердин арасында 50дөн ашык өлкөлөрдүн, анын ичинде: АКШнын, Орусиянын, Австралиянын, Гонконгдун, Украинанын жана Германиянын жарандары да бар экендиги айтылды. Гонконг да кемедеги өз жарандарын алып кетүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандар 70 638ге жетип, 10 944 адам айыгып, оорунун кесепетинен жалпы 1 772 адам каза болду.

U.S. Evacuate Citizens Onboard Diamond Princess Cruse Ship in Yokohama : News Photo

U.S Citizens Evacuated From Quarantined Cruise Ship In Japan : News Photo

U.S Citizens Evacuated From Quarantined Cruise Ship In Japan : News Photo

Copyright © 2017 Maral FM