Биз менен байланышыңыз

Албания: Зилзаладан жабыркагандардын саны өсүүдө, каза болгондор 23кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 602 | 0

Албанияда жер кырсыгынан кеминде 23 адам каза болгондугу айтылууда. Бул тууралуу AFP агенттиги жазып чыкты.

Ошондой эле, 600дөн ашык жаран медициналык жардам сурап кайрылышкан. Алардын 10го жакыны оор абалда экени тууралуу кабарлар бар.

Маалыматка ылайык, зилзаланын күчү 6,4 баллга жеткен. Силкинүүнүн очогу Тиран жана Дуррес шаарларынын ортосунда болгон.

Буга чейин кырсыктан кесепетинен 9 адам көз жумуп, 300дөн ашык тургундардын ар кандай жаракаттарды алганы айтылган болчу.

Издөө-куткаруу иштери уланууда. Кырсык болгон жерде 1,9 миң кызматкер иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM